Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында Аламүдүн – 1кичирайону, 5/1 дарегиндеги чатырларды жана бетон блокторду демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Шаардык кызматтардын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

0,26 га муниципалдык жер бошотулуп, кийин бул аймакта акысыз негизде унаа токтотуучу жайларды куруу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 4-октябрында жер тилкелерин мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берүү, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын автотранспорттук айдоочулар биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.М.Турганов менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Автоунаа айдоочулар союзу тарабынан шаар куруу боюнча оң корутундулар берилсе, аталган бирикмеге жер тилкелерин берүү маселеси Жер ресурстары боюнча комиссиянын (азыркы Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти)  жыйынында белгиленген тартипте каралат деген макулдашууга жетишилген.

2021-жылы Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен “Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарын айдоочулар биримдиги” коомдук бирикмеси жер тилкелерин мөөнөтсүз, бекер пайдаланууга берүүдөн баш тартылган.

Кадастрдык картанын маалыматтарына, ошондой эле 2022-жылдын 20-июлундагы кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин көчүрмөсүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Автоунаа айдоочуларынын союзу» коомдук бирикмесинин Аламүдүн-1 кичирайону,  5/1 жер тилкесиндеги № 2 унаа токтоочу жайды  пайдалануу укугу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде  катталган эмес.

Аталган фактыга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык, жогоруда аталган бирикме муниципалдык жер участогун мыйзамдуу пайдалануучу болуп саналбайт.