Бала бакчада тарбиялоо жана окутуу процесси мамлекеттик стандарттын негизинде жүргүзүлөт, балдардын ыңгайлуу чөйрөдө өсүп-чоӊоюшуна  өзгөчө көнүл бурулат. Эртеӊ мененки көнүүгү, балансталган тамактануу, жалпы билим берүү стандартына жараша сабактар, сейилдөө, түшкү уйку, өнүгүү оюндары каралган.

Балдардын аӊ-сезимин өрчүтүү жана билимдерин тереӊдетүү үчүн  “Галактика, “Кыргыз айылы”, “Суу жаныбар дүйнөсү”, “Кыргыз этно-дүйнөсү” , “Жаратылыш борбору” аттуу чакан борборлор ачылган. Жаӊы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен сабактар өтүлүп жатат. Этнопедагогикага дагы көӊүл бурулуп,  балдардын көркөм  кол өнөрчүлүк сабактарында кыргыз  декоративдик колдонмо искусствосунан кыргыз оймо-чийимдери колдонолууда.

Бала бакчада 11-тайпа бар, анын ичинде: 7 тайпа орус тилинде, 4 тайпа кыргыз тилинде. Уюмдун тажрыйбалуу жана өз кесибин сүйгөн жамааты азыркы учурда балдардын ден-соолугун чыңдоо үчүн  атайын программанын үстүндө иш алып барууда.