Мэр Эмилбек Абдыкадыров  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы, Тажикстандагы жана Түркмөнстандагы аймактык директору Айтен Рустамова жана Евразиядагы инфраструктура департаментинин башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Атап айтканда, «Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары», «Жашыл шаарлар 2, Терезе 2», «Шаардагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» жана "Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоо" (3-фаза) долбоорлоруна токтолушту.

Тараптар биргелешкен долбоорлор боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.