Борбор калаада Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылды.

Чогултуу пункттары төмөнкү даректерде жайгашкан:

Биринчи май району боюнча пункт: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дареги боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;
Ленин району боюнча: Чүй пр. № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;
Октябрь району боюнча: Байтик-Баатыр көчөсү, №17 дарегинде жайгашкан Муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында,  телефон: 0(312) 578900;
Свердлов району боюнча: Чүй проспектиси №28 муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.