Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын билдирүүсү боюнча Чүй жана Ч.Айтматов проспектилеринин жээгиндеги жалпы аянты 216 чарчы метрди түзгөн бастырма буздурулду.

«Манеж» ЖЧКсы тарабынан Ч.Айтматов проспектисин бойлой «Т» түрүндөгү 2 жарнак конструкциясы алынды.

Ошондой эле, Бөкөнбаев көчөсүнүн №95 дарегинин жээгинде жайгашкан «Риха» дүкөнү, Ч.Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, Ч.Айтматов проспектиси №66 дарегинде жайгашкан «Т» жана «Г» формасындагы эки жарнак конструкциясы алынды.

Буга чейин комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.