Маалым болгондой, 2022-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы ишке кирди, ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып жергиликтүү кеңештердин чечими менен мүлк салыгы киргизилет.

Белгилей кетсек, салыктын бул түрү 2000-жылдардын башынан бери иштеп келе жатат жана бул учурда салыктын жаңы түрү эмес, учурдагы салык мыйзамдарынын алкагында мүлк салыгы киргизилет.

Алсак, 2023-жылдын 31-январында Бишкек шаардык кеңешинин XIV сессиясында “Бишкек шаарынын аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” токтом каралып, кабыл алынган.