Биринчи май районунун мектептеринин окуучуларына Кыргыз Республикасындагы эң ири телерадиоберүү корпорациясы болгон УТРКга экскурсия уюштурулду.

Райондун №19, 49, 54-мектептеринин 9-11-класстарынын 30га жакын окуучулары телерадио кызматкерлеринин иш күндөрү менен таанышты.

Белгилей кетсек, экскурсия Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Биринчи май акимчилигин УТРКнын жетекчилигине жана жамаатына жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы жана кызыктуу экскурсиясы үчүн ыраазычылык билдирет.