«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түнү бою калаанын жолдорун кардан тазалашты.

Түнкүсүн жолго туз себүү үчүн жол тейлөө башкармалыгынын 27 атайын техникасы жана 30 кызматкери чыкты. 531 тонна техникалык туз сарпталды.

Эске салсак, күз-кыш тазалоо иштери 1-ноябрда башталып, марттын башында жыйынтыкталат.