Борбор калаанын райондук администрацияларынын жамааттары Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которду.

Ошондой эле борбор калаанын Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултушту.

Ошол эле учурда Биринчи май районунун райондук кызматтары колдон келишинче акча чогултуу акциясын өткөрүштү.