Биринчи май районунун мектептеринде жашыруун кумар оюндарын зыяндуулугу жана алардын уюштуруунун мыйзамсыздыгы жөнүндө лекциялар өткөрүлүп жатат.

Профилактикалык сүйлөшүүлөр  жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор тарабынан 8-11-класстардын окуучулары үчүн өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө мектеп окуучуларына оюнга болгон көз карандылык маанайдын жана жүрүм-турумдун ар кандай бузулушуна алып келери, депрессия пайда болору, ал алкоголдук ичимдиктерди жана баңги заттарды кыянаттык менен пайдаланууга алып келери айтылды.

Ошондой эле окуучуларга кумар оюндарынын мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү фактылары тууралуу укук коргоо органдарына өз убагында билдирүү сунушталды.

График боюнча лекциялар райондун бардык мектептеринде окулат.

Белгилей кетсек, лекциялык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде өткөрүлүүдө.