Жыл башынан бери борбордогу үй-бүлөлүк медицина борборлорунда В гепатитине каршы акысыз эмдөө башталды.

Биринчи май районунун билим берүү борборунун имаратында вирус тууралуу билим деңгээлин жогорулатууга багытталган акция өткөрүлдү.  Райондук билим берүү борборлорунун 40 кызматкери жана билим берүү уюмдарынын жетекчилиги Россия Федерациясынын  өндүрүшүнүн "Регевак В" препараты менен текшерүүдөн жана кийинки эмдөөдөн акысыз өтүштү.

№7 ҮМБ медицина кызматкерлери эмдөөнү жүргүздү.

Белгилей кетсек, В гепатити  боорго таасир этүүчү жалпы жана коркунучтуу жугуштуу оору. Кыргызстанда вирустук гепатит оорусунун өсүшү сакталууда. "В гепатитинен" эң натыйжалуу коргоо бул - эмдөө.

"Регевак В" препараты үч жолу берилет: ревакцинациянын экинчи курсу биринчисинен 1 ай өткөндөн кийин, үчүнчүсү биринчисинен 6 ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

23 жаштан 65 жашка чейинки калк эмдөөдөн өтүшөт. Эмдөө курсун өткөрүү " В гепатити" вирусуна туруктуу антителолордун пайда болушуна алып келет.

Урматтуу шаардыктар! Консультация жана акысыз эмдөө үчүн жашаган жериңиздеги ҮМБга  кайрылыңыздар.