Калаабызда кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда.

Шаарыбыздын багбандары жабык тамыр тармактары менен ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү Фрунзе, Токомбаев, Байтик-Баатыр көчөлөрүндө жана 7-апрель кичи сейил багы менен Жеңиш аянтында отургузуу иштерин улантууда.

Жалпы 280 даана жаңы көчөт отургузулат.

Эскерте кетсек,  Жеңиш аянтындагы эски авариялык абалдагы теректердин ордуна жаңы кайың көчөттөрүн отургузушту.

Кыш мезгилиндеги көчөт отургузуу жаз мезигилине караганда көптөгөн артыкчылары бар.

Кышында өсүмдүктөр уйку абалына келип, көчөттү отургузуу убагында тармыр тармактарына күч келип кыйналышпайт.

Урматуу шаардыктар!

Бишкек шаарынын мэриясы аба-ырайынын бузулушу туралуу эскертет!

Эгерде сиз бак-дарактардын кулаганына күбөө болсоңуз, дароо  37-53-30, 0504210600 номерлери аркылуу байланышыңыз.