Биринчи май акимчилигинде муниципалдык администрациянын кызматкерлери үчүн “Мамлекеттик кызматкердин этикасы” аттуу окуу семинары болуп өттү.

Иш-чаранын максаты этиканын негизги ченемдерин жана мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турумунун негизги эрежелерин түшүндүрүү болду.

Презентациянын жүрүшүндө Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти Тилек Саякбаев мамлекеттик кызматкердин этикасына жана жүрүм-турумуна  зор көңүл бурулаарын белгиледи.

Мамлекеттик кызматчынын имиджи жогорку кесиптик жана инсандык компетенциялардын, моралдык-нравалык сапаттардын, этикалык жүрүм-турумдун көрүнүшүнө негизделет.

Иш жүзүндө эң көп кездешүүчү жүрүм-турумдун негизги эрежелери жана негизги аспектилери жана мамлекеттик кызматчынын ак ниеттүүлүгүн калыптандыруу каралган.

Жыйындын жыйынтыгында кызматкерлерди кесиптик этиканы сактоого жана жумушта да, күнүмдүк турмушта да бул принциптерди сактоого чакырышты.

Маалымдама: Кесиптик этика – бул мамлекеттик кызматчынын жумушта жана кызматтан тышкаркы жүрүм-турумда эрежелеринин жыйындысын белгилеген жана жөнгө салуучу, коомдун анын адеп-ахлактык, маданий жана кесиптик имиджине талаптарын чагылдырган моралдык ченемдеринин тутуму болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдеринин тутуму болуп эсептелет.