“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын бардык райондорунда монтаждоо иштерин улантууда. Бир жума ичинде ишкана 109 чырак алмаштырган.

Биринчи май районунда төмөнкү көчөлөрдө иштер жүргүзүлдү:
Турусбеков, Комунаров, Араван, Нарвская, Күрөңкеев, Орозбеков, Айдаралиев, Оренбург, Абай, Сухомлинов, Исанов, Жаманбаев, Токтоналиев, Профсоюз, Кулиев, Карай, Долон.

Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий, Мээрим жана Какен-Ата көчөлөрүндө 50 Вт кубаттуулуктагы 21 даана чырак орнотулуп, кабелдик монтаж иштери жүргүзүлдү.

Арча-Бешик конушунда да жарыктандыруу иштери жүрүп, Чортеков  көчөсүндөгү 150 Вт кубаттуулуктагы 23 лампа алмаштырылды.

Свердлов районунда чыгыш автобекетинин аймагына 100 Вт кубаттуулуктагы 20 чырак орнотулду. Охотный, Гоголь, Фирсов, Пролетарская, Боталиев, Орозбеков, Герцен көчөлөрүндө иштер жүргүзүлдү.

Октябрь районунда Сүйөркулов, Кийизбаев, Төкөлдөш, Армия, Матросов, Анкара көчөлөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.