2022-жылдын 16-феврвлында саат 9:00дөн 16:00гө чейин «Жеңиш» конушунда турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Жеңиш» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ӨЭБы келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын  суранат.