“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча 2023-жылдын 18-февралында Асаналиев көчөсү боюнча Лев Толстой көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин канализациялык коллекторду куруу иштери башталат.

Диаметри 1000 мм болгон канализация түтүктөрүн орнотуу боюнча курулуш-куроо иштерине байланыштуу унаа кыймылы токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана борбор калаанын конокторунан альтернативдүү жолдорду алдын ала тандап алууну суранат.

МААЛЫМАТ: канализациялык коллектордун курулушу 2022-жылдын сентябрында башталган. Коллектордун жалпы узундугу - 11 км. Жаңы канализациялык коллектору Бишкектин түштүк жана батыш бөлүгүнүнүн тургундарын жаңы сууну бөлүштүрүү (канализация) системасына кошулууга мүмкүнчүлүк берет.  

Канализациялык коллектордун курулушу «Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.