Муниципалитетте мыкты жаңы жылдык жасалгалоо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Тактап айтканда, "Короодогу жаңы жылдык жасалгалоо" номинациясында 20 миң сомдон төрт сыйлык ыйгарылды:

- 1-орун-Медельян Валерий Юрьевич (27 кварталдык комитеттин төрагасы);
- 2-орун-Абдраимова Жамал Рахимовна;
- 3-орун-Токтосунова Планета Карыповна;
- 4-орун - Акматалиева Наргиза Эсенкуловна.

"Министрликтердин жана административдик ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана жанаша аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо" номинациясында:

- 1-орун-Сыдыкова Мээрим Амантуровна (№18 мектепке чейинки билим берүү уюму), 50 миң сомго сертификат;
- 2-орун-Бабакулова Асылгул Рыскулбековна (№185 мектепке чейинки билим берүү уюму), 40 миң сомго сертификат;
- 3-орун-Усубакунова Айгуль Ильясовна (№6 мектеп), 30 миң сомго сертификат.

"Фасаддарды жана ири соода комплекстеринин, борборлордун жана базарлардын жанындагы аймактарды жаңы жылдык мыкты жасалгалоо" номинациясында:

- 1-орун-Шевченко Кирилл Олегович ("Азия Мол" СБ), 80 миң сомго сертификат;
- 2-орун-Казакбаева Батма Маратбековна ("Дордой-Плаза" СБ), 60 миң сомго сертификат;
- 3-орун-Баялиев Нурсултан Сагынбекович ("Бишкек парк" СБ), 40 миң сомго сертификат.

“Соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин, кеңселердин жана башка объекттердин фасаддарын жана жанаша аймактарын жасалгалоо" номинациясында:

- 1-орун-Конурбаева Диляна Эрнстовна ("Ала-Тоо" рестораны), 70 миң сомго сертификат;
- 2-орун - Турсунбеков Адилет (Finka Bank, Абдрахманов көч., 105), 50 миң сомго сертификат;
- 3-орун - Уланбеков Шергелди Уланбекович («Vavilon» салтанаттар үйү), 30 миң сомго сертификат.

Сынактык комиссиянын чечими боюнча Гран-при 50 миң сом суммасында Ленин акимиатына ыйгарылды.

Ошондой эле коомдук транспортту жасалгалагандыгы үчүн төмөнкү айдоочуларга 10 миң сомдук сертификаттар тапшырылды:

- Тойалиев Улан;
- Сагындык уулу Чынгыз;
- Эстебесов Сүйүнбек;
- Жусуп уулу Тилек;
- Жуманов Алмаз.