Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды  троллейбустарга таштанды таштабоого чакырат.

Тазалоочу топ күн сайын троллейбустардын ичин жуушат. Ичин тазалоо көп күч-аракетти жана эмгекти талап кылат. Салондордун отургучтары, терезелери, шыптары, полдору да жуулуп тазаланат.

Ошол эле учурда троллейбустарда салондорго таштанды таштаган абийирсиз жүргүнчүлөр да бар.

Бишкек шаарында күнүнө 130 троллейбус жарандарды ташыйт.

Урматтуу шаардыктар! Шаар кызматкерлеринин эмгегин сыйлап, муниципалдык менчикке кам көрүүнү суранабыз.