Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Инсанды руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жактан өнүктүрүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында Ленин районунун аялдар кеңеши тарабынан "Сармерден" музыкалык сынагы уюштурулуп, өткөрүлдү.

Сынак өсүп келе жаткан муундарды мыкты улуттук салттарга тарбиялоого жана улуттар аралык ынтымакты, улуттук мурасты, руханий маданиятты, тилди, үрп-адаттарды, өнүктүрүү аркылуу аксакалдарды урматтоого, ошондой эле өз аймагынын тарыхын изилдөөгө, моралдык, адеп-ахлактык сапаттарды калыптандырууга багытталган.

Сынакка «Арча-Бешик» конушундагы айымдардын командасы жана «Ак-Ордо» конушундагы эркектердин командасы катышты. Командалар элдик ырларды, улуттук макал-лакаптарды жана жанылмачтарды аткаруу боюнча мелдешишти.

Иш-чарага башчынын социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова, МАБдын башчылары жана Ленин районунун тургундары катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча катышуучу командалар муниципалдык администрациянын ыраазычылык каттары жана баалуу белектер менен сыйланышты.