Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекшаарлифт”  муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча "Иштиктүү кыргыз тили" деген темада окуу семинар өткөрдү. Ошондой эле кызматкерлер "Кыргызтест" тестин тапшырууга даярдык көрүү үчүн практикалык тапшырмаларды аткарышты.


Аталган окуу семинар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын  мэриясынын  2022-жылдын  6-июлундагы  № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлдү.