Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу семинар өтүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча "Иштиктүү кыргыз тили" деген темада окуу семинар өткөрдү.

Аталган окуу семинар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлдү.