Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштери боюнча департаменти Бишкек шаардык Шотокан каратэ-до Федерациясы менен биргеликте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын спорт залында Шотокан каратэ-до боюнча Бишкек шаарынын биринчилигин өткөрдү.

Спорттук оюндун максаты Бишкек шаарында Шотокан каратэ-дону жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын пропагандалоо, спортчулардын чеберчилигин жана калыстар корпусунун даярдык деңгээлин жогорулатуу жана биринчиликтерди аныктоо болуа саналат.

Татамиге ката жана кумитэ программаларында 15 командадан 400дөн ашык жаш спортчу чыкты.  

Турнирдин жыйынтыгы боюнча  орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

- 1 – орун-Бишкек шаарынын "Бишкек Skif Chyi" клубу (32-алтын, 26-күмүш жана 26-коло медалдар);
- 2 – орун-Бишкек Шотокан каратэ-до федерациясынын командасы (24-алтын, 15-күмүш жана 8-коло медалдар);
- 3 – орун-Бишкек шаарынын "Keihatsu Karate Club" командасы (11-алтын, 11-күмүш жана 15-коло медалдар).