Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги акимчиликтер менен биргеликте ишкерлер менен бизнес-жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү катышты.

Баяндамалар менен Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кредиттик жана инвестициялык иштер департаментинин жетекчиси Руслан Буранов жана Кепилдик фондунун кепилдиктерди жана продуктуларды иштеп чыгуу башкармалыгынын чакан ишкердик бөлүмүнүн башчысы Сапарбай уулу Алтынбек чыгып сүйлөштү.

Жолугушуунун катышуучуларын фонддордун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, өз продукцияларын сунушташты, долбоорлорду даярдоо стадиясында ишкерлерге консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана каржы ресурстары жетишсиз болгон учурда кепилдиктерди берүү аркылуу чарбалык субъекттердин финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында бизнес чөйрөсүнүн сунуштары жана сын-пикирлери айтылды, алар муниципалдык органдар тарабынан мындан аркы иштеринде сөзсүз эске алынат. Ошондой эле актуалдуу маселелерди талкуулоо, бизнес менен жергиликтүү бийлик органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү сунушталды. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 8-июлундагы № 118 токтому менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Бишкек шаарында ишкердикти колдоо программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.