Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тышкы жарнакты иретке келтирүү боюнча рейддерди өткөрдү.

Алсак, Аалы Токомбаев, Байтик баатыр көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейин жарнамалык конструкцияларга демонтаж иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 40 объект алынды.

Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөсү бойбой Ахунбаев көчөсүнө чейин  өз билемдик менен орнотулган 16 жарнама мамычасы жана 68 жарнама баннерлери алынды.

Буга чейин комиссия жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.