№73 мектептин окуучулары жана администрациясы Апрель окуясынын 13 жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага Апрель окуясына катышкан Тунгуч кичирайонунун  тургундары катышты.

9-10-11-класстын окуучулары сценкаларды көрсөтүштү, андан соң окуучулар менен Апрель революциясынын баатырларынын ортосунда баарлашуу болду.

Иш-чара келечектеги жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында өткөрүлдү.