“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы шаарыбыздагы ийне жалбырактуу бак-дарактарды атайын чачма семирткирчтер менен азыктандыруу иштерин башташты.

Жаз мезгилинде жашыл өсүмдүктөр өзгөчө кам көрүүгө муктаж. Ошондуктан багбандар бактардын иммунитетин көтөргөн азыктарды чачуу иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн түнү биз Пушкин, Курманжан-Датка, 7-апрель (Ш.Баатыра), Ибраимов, Усенбаев, Гоголь, Суюмбаев, Салиева, Ч.Валиханов, Школьная, Лермонтов көчөлөрүндөгү жана Эркиндик бульварындагы, «Театральный» , «Сказка», «Карагачевая роща»  сейл бактардагы бак-дарактарга жер семирткичтерди чачуу иштерин жүргүздүк.