Кара-Жыгач сейил багында "дени сак денеде – дени сак рух" деген ураан астында эстафета болуп өттү.

Эстафетага 4 команда катышты: Муниципалдык аймактык башкармалыктары, дарыгерлер, билим берүү борбору жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы.

Мелдештер 10 этапта өттү:

- велосипед жарышы,
- картон үстүндө басуу,
- кап  менен секирүү,
- чуркоо,
- скейт тебүү жана башкалар.

Эстафетанын жыйынтыгы боюнча Муниципалдык админисрациянын башчысы Максатбек Саргазаков жеңүүчүлөрдү куттуктап, медалдарды, жемиш салынган кутуларды жана суусундуктарды тапшырды.

Эстафетанын жүрүшүндө биринчи орунду дарыгерлер, экинчи Муниципалдык аймактык башкармалыктары жана үчүнчү орунду райондук билим берүү борбору ээледи.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.