Октябрь районунда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайлардын бузулушуна же жабыркашына байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү, ошондой эле турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча үйлөрдүн, кварталдык комитеттердин жана турак жай ээлеринин шериктештиктеринин төрагалары менен биргеликте  шаардыктар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл жерлери үчүн турак жайды камсыздандыруунун баасы жылына 600 сомду, шаар үчүн жылына 1200 сомду түзөт. Эгерде сиздин үйүңүз толугу менен талкаланса же өрттөлсө, анда айылда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтан 500 миң сом, ал эми шаарда 1 миллион сом берилет.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери тургундар же турак жай ээлери менен жалпысынан 12 жолугушуу өткөрүлдү.

Урматтуу шаардыктар, «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кеңири таанышуу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз:  http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru /111253, ошондой эле 0312 57 35 98 номерден кеңеш ала аласыз.