Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган буюмдарды өрттөө боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Ленин районуна тиешелүү мончолор, тактап айтканда, "Кызыл-Аскер", "Ак-Ордо" конуштарындагы жана Ош базарынын аймагындагы мончолор текшерилди.

Натыйжада Ленин районунда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы аныкталып, ага карата Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин негизинде 23 000 сом айып салынды.

Ал эми Октябрь району боюнча эки күндүк рейддин жүрүшүндө 30 чарбакер субъект текшерилип, 8 протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 2-3-беренесинин 115-бөлүгү боюнча 106 500 сомго айып салынды.

Биринчи май району боюнча 2 протокол 30 500 сомго, Свердлов району боюнча 1 протокол 7 500 сомго түзүлдү.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин негизинде 167 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө жол бербөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Муниципалдык инспекция көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.