Жаш робототехника командасы робототехника боюнча Борбор Азиядагы эң ири чемпионатта Бишкек шаарынын атынан чыгат.

№24 А.Токомбаев атындагы  мектеп-гимназиясынын окуучулары бүгүн Астанага жөнөп кетишти. Эртең алар “Central Asia FIRST Championship 2024” мелдешине катышат. Жалпысынан чемпионатка 10 өлкөдөн 3000ден ашуун катышуучу катышууда.

Иш-чара муниципалдык мектептин окуучулары менен биринчи жолу болуп жатат. Мындай мүмкүнчүлүк балдар үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган робототехника боюнча мектеп окуучулары үчүн STEM FIRST биринчи республикалык олимпиадасынан кийин пайда болду.

Сынак 2024-жылдын 4-февралында өтүп, ага 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышкан. А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын робототехника командасы бешинчи орунду ээлеп, Астана шаарына жолдомо алды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №24 мектептин окуучуларына алдыдагы чемпионатта жеңиш каалайт. Биздин балдар Борбор Азиянын эл аралык сахнасында Бишкек шаарын татыктуу көрсөтөт деп ишенебиз.