Бишкек шаарындагы «Газпром балдарга» спорттук-эс алуу комплексинде «Эркин пирамида» дисциплинасында 19 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында бильярд боюнча дүйнө биринчилиги башталды.

Салтанаттуу ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Улан Шаяхматов жана бильярд федерациясынын вице-президенти Каныбек Сагынбаев катышты.

Белгилей кетсек, бильярд боюнча 19 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги 25-февралга чейин уланат. Мелдешке 5 өлкөдөн келген 58 спортчу (42 уландар, 16 кыздар) катышууда.