“Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде улуу муундун арасында “Эр жүрөк жоокер” сынагы болуп өттү.

Камкордукка алынгандардын жана борбордун кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык мелдеш уюштурулду.

Чоң аталар мелдешке өзгөчө шыктануу менен катышты.

Бардык катышуучулар тапшырмаларды активдүү аткарып, татыктуу сыйлыкка ээ болушту.

Командалар көркөм оюн-зоок, викториналар жана аскердик темадагы салаттарды тартуулашты.

Катышуучулар танкисттердин, флоттун, десантчылардын кийимдерин жана Манастын кырк чоросунун кийимин кийишкен. Калыстар тобу баа берип, жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Маалымат: Бүгүнкү күндө “Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинде 209 адам жашайт. Мекеменин бардык тарбиялануучуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт. Алар кийим-кече, бут кийим жана биринчи керектүү буюмдар менен толук камсыз кылынган.