Ленин акимиатында кызамык оорусун азайтуу максатында балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга МАБнын, ҮМБнын, темир жол ооруканасынын өкүлдөрү, ошондой эле райондун мектеп директорлору чакырылган.

2024-жылдын башынан бери Ленин району боюнча кызамык менен ооругандар 481 адамды түзөт.

Маалымат: Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамык, паротит жана кызамыкка каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт:
- 1 жашында биринчи эмдөө;
- 6 жашында экинчи эмдөө.

Урматтуу шаардыктар, өзүңүзгө жана балдарыңызга кам көрүңүз!