Чолпон-Ата шаарында «Газпром» спорт комплексинде каратэ - до WKF боюнча Ысык - Көл облусунун ачык биринчилиги болуп өттү.

Мелдеш 2024-жылдын 17-февралынан 18-февралына чейин өттү. Ага бильярд жана велосипед спорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары - шотокан каратэ-до бөлүмүнүн 19 спортчусу катышты.

Биринчилик региондо каратэ-дону жайылтуу, спортчулар менен башка клубдардын жана облустардын машыктыруучуларынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Кадеттер, балдар жана кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
Ката жана кумите боюнча демонстрациялар боюнча:
Эргашаева Арууке – 1-орун (52 кг, 12-13 жаштагы кыздар арасында, ката);
Камалова Айбике – 1-орун (10-11 жаштагы кыздар арасында, ката);
Рахатбеков Нурсултан – 1-орун (40 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Калдыбаев Дастан – 2-орун (32 кг, 8-9 жаштагы балдар арасында, кумите);
Солтобеков Атай – 2-орун (10-11 жаштагы балдар арасында, ката);
Тургуналиев Исабек – 2-орун (35 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Исмаилов Умар – 3-орун (30 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Бектуров Айдин – 3-орун (40 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Саматов Арнэл – 3-орун (22 кг, 6-7 жаштагы балдар арасында, кумите);
Абдимиталипов Амантай – 1-орун (50 кг, 10-11 жаштагы балдар арасында, кумите);
Саидов Нуртилек – 1-орун (47кг, 14-15 жаштагы балдар арасында, кумите);
Кыдыралиев Рауф – 1-орун (45кг, 12-13 жаштагы балдар арасында, кумите).

12-13 жаштагы балдар арасында:
Жалалов Эмир – 1-орун (40 кг);
Муратов Азиз – 1 орун (35 кг);
Шералиев Радмир – 3-орун (35 кг);
Жолчуев Тимур - 3-орун (35 кг).

8-9 жаштагы балдар арасында:
Палагин Матвей – 2-орун (35 кг);
Морозов Никита-3-орун (26 кг).

10-11 жаштагы балдар арасында:
Нурланбеков Нурэл-2-орун (35 кг).