Урматтуу Мекен коргоочулары!
Сиздерди, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен Бишкек мэриясынын атынын чын жүрөктөн куттуктайбыз.
Бул майрам – Мекен үчүн жан аябаган, жүрөгү эл-жерим деп соккон, патриот жана эр жүрөк адамдардын майрамы.
Мамлекетибиздин бүтүндүгү жана келечеги биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин жана намыскөй уул-кыздарыбыздын мекенчил сезими менен сакталып турганы анык.
Ата Мекенди коргоо бул жалгыз гана мекен чегин коргоо менен чектелбейт, анткени  Мекенди коргоо бул өлкөнүн экономикасына, маданиятына, билим берүүсүнө, анын ичинде сүйүктүү шаарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө салымын кошуу болуп саналат. Ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө бекем намыс, Мекенге болгон күчтүү  сүйүү кошо жашаса, анда Мекенибиздин келечеги кең болоруна терең ишенебиз.
Урматтуу даанышман аталар, намыскөй ага-инилер эр жигитке ыйык милдет болгон Мекенди коргоо күнүндө сиздерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалоо менен бирге жаңы бийиктиктерди багындырышыңыздарга жана жашоодогу максатыңарга жетишиңиздерге тилектешпиз.
Мекен деп күйгөн ар бир атуулубузга  бакыт-таалай, ийгиликтерди жана бакубат турмуш каалайбыз!
Урматтоо менен, Бишкек шаарын мэриясы