№62 мектеп-гимназиясында спорт жана сергек жашоого үндөө максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери топ болуп Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган «Жер жүзүндөгү тынчтык үчүн эстафета» спартакиадасына катышты.

Майрамдык иш чарада ар кыл багыттагы мугалимдер бардык эстафеталарга жана кызыктуу мелдештерге активдүү катышып, өздөрүнүн күчүн, эпчилдигин, чыдамкайлыгын көрсөтүштү.

Эстафета жеңүүчүлөрү кубок, медалдар, дипломдор жана эстеликке сакталчу сыйлыктар менен сыйланышты.