Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинде башчы Жоомарт Шамкановдун төрагалыгы алдында сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Жыл жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин бир катар кызматкерлери сыйланды.

Белгилей кетсек, ак ниет эмгеги жана дене тарбия жана спорт тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төмөнкү адистерге тапшырды:

- Абдырахманов Тилекмат Шаршеналиевич – жогорку жетишкендиктер спорт бөлүмүнүн башчысы;
- Геворгян Артур Арамаисович – коомчулук менен байланыш, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
- Курманалы уулу Нурсултан – укуктук, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
- Бекмурзаев Замирбек Бейшеналиевич – региондордо дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- Арзымов Рустам Дамирович – финансылык пландаштыруу жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы;
- Стамбаева Акинай Мелисбековна – региондордо дене тарбия жана спортту жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси;
- Сабырбеков Жандос Сабырбекович – укуктук, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Кубаныч кызы Букадыча – коомчулук менен байланыш, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Атабекова Тамара Кубатовна – укуктук, кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.