Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Дордой базарынын түндүк тарабындагы жол жээгиндеги объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Иштин жүрүшүндө 5 объект жарактан чыгарылып, 218 кв.м. муниципалдык жер бошотулду. Мындан тышкары, 5 объект менчик ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө демонтаждалган.

Бөлүмдүн кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышты.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти демонтаждалган объектилердин ээлери менен ижара келишимин бузган.

Буга байланыштуу башкармалык тарабынан муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча билдирме жиберилип, мүлк ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.