Бир күн мурун “Айданек” оор кырдаалга кабылган балдарды реинтеграциялоо борборунда “Ак калпак” күнү белгиленди.

Майрамдын алкагында, маданий мурастарды жана улуттук өзгөчөлүктү даңазалоо максатында, борбордун мугалимдери тарабынан тарбиялык класстык саат уюштурулуп, өткөрүлдү.

Иш-чара балдарды улуттук баш кийим Ак калпактын тарыхы жана кыргыз маданиятындагы мааниси менен тааныштырууга багытталган.  

«Айданек» борбору Бишкек шаарынын кароосуз калган 3 жаштан 18 жашка чейинки оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарына социалдык, психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтөт.