Бишкек шаарында пилоттук режимде жол эрежесин бузууларды каттоого алуучу автоматтык система ишке киргизилди.

Бишкек шаарынын жолдорундагы автотранспорттун агымын тартипке келтирүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен транспорт каражаттарын токтотууга байланыштуу жол тыгындарын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы («Санариптик технологиялар борбору» МИ) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Ураган» аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен системаны иштеп чыкты.

Бишкек ШИИББинин "Ураган" комплекси менен бирге борбор калаанын жолдорун бойлой айдап бара жаткан кызматкерлери жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө каттайт.

Бул чаралар унаалардын жол кыймылына тоскоол болгон уруксат берилбеген жерлерге токтоп калышына жол бербейт.