Калаада Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары  Мирланбек Байгончоков Фемида кызматкерлерине ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, сот тутумунун кызматкерлерине Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктарын тапшырды.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө, Кыргызстандын жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография  кызматкерлеринин күнүнө карата өзгөчөлөнгөн кызматкерлер ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн  кол саат, күмүш төш белги, Ардак грамота, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары  менен сыйланышты.

Борбор калаанын мэриясы сот тутумунун кызматкерлерине мамлекетибизде мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн жогорку кесипкөйлүк каалайт!