Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодекси 115- беренесинин  2-бөлүгү менен  Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги "Авента курулуш" ЖЧКсына, Ч. Айтматов проспектиси 100/2. "Кыргыз Каганат" ЖЧКсына курлуш калдыктарын муниципалдык аймакка таштагандыгы үчүн, көркөндүрүүнүн эрежелерине ылайык айлана- тегерегиндеги таштандыларды тазалабагандыгы үчүн

Юнусалиев көч., 177/2 дарегиндеги "Умай Групп" ЖЧКсына, "Асаха Групп" ЖЧКсына карата протоколдор түзүлүп, 23000 сом айып салынды.

Мындан сырткары жанаша аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн  114-берене боюнча  "Борман Констракшн" ЖЧКга, Сухэ Батор Көчөсү, 3/3 дарегиндеги 40х40 кароке барына жеке ишкер А. А.  карата 13000 сомго протокол түзүлдү.

Ал эми 117- беренин 2- бөлүгү Тыныстанов/Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун өтүүчү бөлүгүнө суу түтүктөрүн орнотуунун натыйжасында бузулган жолду кайра калыбына келтирбегендиги үчүн  "Техник Трейд" ЖЧКга 23000 сом айып салынды.

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын аймагында күн сайын рейддер жүрүп жатканын эскертет. Укук бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык чаралар көрүлөт.