Бишкек шаарында 2024-жылдын 7-мартынан тартып «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тейлеген №12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт.

Жаңы каттам боюнча 12-автобус С. Каралаев жана И. Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат.

Белгилей кетсек, аталган каттамга күнүнө 20 автобус чыгат. Мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында өзгөрдү.