Муниципалдык инспекция эки жаранга жашыл аянтка унаа токтоткону үчүн айып салды.

Айдоочуларга карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5500 сом айып салынды.

Рейддик иш-чара Бишкек шаарынын Октябрь районунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Эреже бузуулардын көбү Г. Айтиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жанында катталды.  Айдоочулар унааларын бактын арасына, ошондой эле жашыл аянтты ээлеген жерлерге токтотушкан.  

Жашыл аянттарга унаа токтотууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерине карабастан, шаардыктар эскертүүлөрдү этибар албай, эрежени бузуп жатышат.

Муниципалдык инспекция шаардыктарды унааларын жашыл аймактарга калтырбоону өтүнөт. Туура эмес жерлерге токтотуу үчүн жеке адамдарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17000 сом айып пул салынаарын эскертет.