Борбор калаанын Биринчи май районунда түнкүсүн ата-энесинин жана жакын  адамдарынын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Рейд РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдардын кызматкерлеринин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Компьютердик клубдарда жана коомдук жайларда түнкү рейддин жыйынтыгында жашы жете элек 9 өспүрүм аныкталды.

Мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бардык аныкталган жашы жете электер боюнча протоколдор түзүлдү жана мындан ары профилактикалык иштерди жургузуу жана социалдык жактан колдоо үчүн алардын жашаган жери боюнча тийиштүү каттар социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жиберилет.

Мындай иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүп, компьютердик клубдардын администраторлору менен жашы жете электердин түн ичинде болуу эрежелери жана чарбалык субъектилер менен балдардын эмгегин эксплуатациялоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Жашы жете электердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген фактыларды билдирүү үчүн күнү-түнү иштеген “111 ишеним телефону”, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн ишеним телефону 67-03-86.

Эске сала кетсек, жашы жете электерге (18 жашка чейинкилерге) түнкүсүн (жайында 1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн 06:00гө чейин, башка убакта саат 22:00 дөн 06:00гө чейин ата-энелердин жана жакындарынын коштоосу жок коомдук жайларда болууга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн жооптуу.