Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Бишкек шаардык санитардык кызматтын, №6 жана №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, билим берүү башкармалыгынын, МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте кызамыкка каршы эмделбеген балдардын ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Райондун мектептеринде ата-энелердин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин катышуусунда маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлдү.

Кызамык - курч жугуштуу вирустук оору. Кызамык чоңдорго жана балдарга таасир этип, инфекция өтө тез жайылып, мектептерде жана бала бакчаларда тез ооруп калуу коркунучу бар.  

Белгилей кетсек, 2023-жылы Бишкек шаарында 2307 кызамык оорусу катталса, 2024-жылдын 2 айында 1700 учур катталган.

Урматтуу ата-энелер! Балдарды кызамыктан коргоонун бирден бир жолу бул эмдөө. Балаңыз сыркоолоп калса, поликлиникага кайрылбай, жашаган жериңиз боюнча дарыгерге кайрылыңыз!