Бишкек шаарында 2024-жылдын 20 жана  23-мартында  А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында «Үч кичинекей торопой» кайрымдуулук спектакли болот.

23-мартта өтө турчу спектаклге кайрымдуулуктун негизде балдар үйлөрүнүн жана адистештирилген көмөкчү мектептердин жана Кыргыз Республикасынын облустарынын тарбиялануучулары чакырылган.

Ошондой эле, 2024-жылдын 20-мартындагы спектакль үчүн чогулган каражат рак менен ооруган балдарга жардам берүү «Help the children» коомдук фондуна которулат.

Иш-чаранын уюштуруучусу “Антре” жоопкерчилиги чектелген коому.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0501 171 110; 0555 777 594.

Маалымат үчүн: 2016-жылдан 2024-жылдар аралыгында “Антре” балет мектеп-студиясы Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда (ABF), Францияда (ЮНЕСКО), Америкада (YAGP) эл аралык сынактарга катышкан. Ал ар дайым байгелерди жана Гран-прилерди алып, Кыргыз Республикасынын жана борбор калаанын социалдык долбоорлоруна активдүү катышкан.