21-март Нооруз майрамынын урматына Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардын ыңгайлуулугу жана көк бөрү күйөрмандарынын коопсуздугу үчүн транспорт уюштурат.

Майрам күнү келечекте ипподром курула турчу аянттын ордунда көк бөрү боюнча финалдык беттештер өтөт.

«РИОМ Авто» унаа базарынын аймагында жол тыгындарын болтурбоо максатында автоунаалар үчүн 1500 орундуу унаа токтотуучу жай уюштурулат. Токтотуу акысы 30 сомдон. Төлөмдү Mbank тиркемеси менен же терминал аркылуу төлөсөңүз болот.

Белгилей кетсек, аренага коомдук транспорт менен жете аласыз («Shuttle Bus»). Жол кире шаардын баасында – тулпар картасы менен 17 сомдон, накталай болсо 20 сомдон.

Сиз транспортуңузду таштап, аренага чейин автобус менен барасыз. Кайтып келе жатканда дагы коомдук транспорт баштапкы аялдамага алып келет.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары!

Иш-чаранын катышуучуларынын ыңгайлуулугун ойлоп, тыгындарды болтурбоо үчүн коомдук транспортту колдонууну суранабыз.