Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы унаа токтотуу эрежесин бузган айдоочулар менен күрөшүүнү күчөтүүдө.

2024-жылдын 17-18- март күндөрү Свердлов районунда муниципалдык инспекция Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрдү.

Айдоочулар тарабынан эреже бузуулар эки жерде катталган: Фере көчөсү, 33 А жана Ж.Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин.

КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык жалпысынан 7 протокол түзүлгөн. Айып пулдун жалпы суммасы 38 500 сомду түздү.

Рейддин алкагында айдоочулар менен биргеликте жашыл аймактарда унаа токтотууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, мындан ары Бишкек шаарындагы автотранспорттук  абалды жакшыртуу жана жолдордогу тыгындарды азайтуу максатында рейддер күн сайын жүргүзүлүп турат.

Укук бузуучуларга карата КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин беренелерине ылайык административдик чаралар көрүлөт.