Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата 2010-2011-жылы туулган өспүрүм улан-кыздар, 2012-2013-жылы туулган улан-кыздар арасында дзюдо боюнча фестиваль өттү.

Мелдештин ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын Бишкек шаары боюнча вице-президенти Ли Владимир катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 16-17-март күндөрү «Газпром-Балдар» спорттук эс алуу борборунда 400 спортчунун катышуусунда өткөн.

Турнирдин жыйынтыгында 2010-2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында төмөнкүдөй жеңүүчүлөр аныкталды.

35 кг салмакта:
Чоробаев Билал – 1-орун;
Тулинов Ариет – 2-орун;
Солтобеков Эмил – 3-орун;
Жеентаев Нурсултан – 3-орун.

38 кг салмак категориясында:
Полетаев Иван – 1-орун;
Какалов Сарихан – 2-орун;
Багланов Даврон – 3-орун;
Азизбеков Элдар– 3-орун.

42 кг салмак категориясында:
Уланов Кабылбек – 1-орун;
Ишеналиев Сыймык – 2-орун;
Жеенбеков Мелисбек – 3-орун;
Жумагулов Атай – 3-орун.

2012-2013-жылдары төрөлгөн кыздар арасында:

24 кг салмак категориясында:
Нурматова Аделина– 1-орун;
Сабырова Алтынай – 2-орун;
Алманбетова Амелия – 3-орун;
Токтогулова Карлыгач – 3-орун.

28 кг салмак категориясында:
Каныбекова Айдан – 1-орун;
Кочорова Айсанат – 2-орун;
Ниязбекова Айгерим – 3-орун;
Шишмарева Арина – 3-орун.

32 кг салмак категориясында:
Эркегулова Аэлита – 1-орун;
Маркина Виктория – 2-орун;
Каныбекова Анеля – 3-орун;
Темиркулова Асенат – 3-орун.